Тургун “түшүмө кирбесин деп” кыздын мүрзөсүн казып, сөөктү өрттөп салган
Ушул жылы жай мезгилинде 23 жаштагы Головин, досу Миронов менен биргеликте, мас абалында Менщиково кыштагындагы кыздын мүрзөсүнө келишип, аны казышкан. Андан кийин жесеттин үстүнө май куюп, сөөктүн калдыктарын өрттөп жиберишкен.
Алар фотосессия уюштурушуп, кийин мүрзөдөн тарткан сүрөттөрүн социалдык тармактарга жүктөшкөн.
Жаш жигит милиция тарабынан кармалгандан кийин, ал эмнеге мындай кадамга барганын түшүндүрүп берген. «Мен түн ичинде түшүмө коркунучтуу нерселер, анан ушул мүрзөдө жаткан кыздын элеси кире берчү. Кыз түшүмдө дайыма мени өзү менен алып кетүүнү каалачы. Анан менен интернеттен мындай нерседен кантип кутулса болот деп маалымат издедим. Анан эле сөөктү күйгүзүп жиберсе баары жайына келет дегенди окуп калдым. Бирок мындай кааданы туура эле жасаптырмын жардам берди. Мүрзөнү өрттөгөндөн кийин кыз түшүмө кирбей калды», -деди бала.
Жигиттин айтымында, буга чейин маркум менен болгону бир айдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Кийин экөө эки тарапка кеткенде, эки айдан кийин кыз өзүн-өзү өлтүргөн. Маркум балдар үйүндө тарбияланган.
Головинге Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин (3 жылга чейин эркинен ажыратуу, же 5 жылга чейин оор жумуштарга тартуу, же 5 жылга дейре эркинен ажыратуу) бир нече беренелери боюнча иш козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/content9104
Добавить комментарий ×