Жаӊы президент: «Бийлик таза болмоюнча мамлекет өнүкпөйт»
Бүгүн, 24-ноябрда, инаугурация салтанатында жаӊы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бийликтин бардык бутактарына катаал талаптарды коем деп убада кылды. Сөз коррупция менен күрөшүү туурасында жүрүп жатат.
"Мен, президент катарында, бийликтин ар бир бутагына катуу тартип-талапты орнотом. Менин президенттик ишмердүүлүгүмдө эӊ приоритеттүү багыт бул чиновниктердин арасындагы коррупция менен күрөшүү болмокчу! Күрөшүүнүн негизги маӊызы – бул бардыгы мыйзам алдында бирдей, теӊ болушат. Бийлик таза болмоюнча мамлекет өнүкпөйт!,-деди Жээнбеков.
"Коррупция менен ырайымсыз күрөшүү башталды жана коомду тазалоо үчүн шарттар түзүлдү. Эл бийликке чоӊ ишеним менен мамиле жасап баштады, анткени эртеби-кечпи, бирок ууру камакта отурат. Бирок ошол эле учурда, укук коргоо органдары менен сот системасынын ишмердүүлүктөрүндө аныкталган коррупциялар нааразычылык жана коомчулуктун сынын туудурат. Алардын түйүндүү милдети жарандардын кызыкчылыгын коргоо болушу зарыл. Биз соттордун инфраструктурасын олуттуу түрдө жакшыртуубуз жана сот адилеттиги санариптик системаны киргизүүбүз керек»,-деп эсептейт ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content9092
Добавить комментарий ×