Сооронбай Жээнбеков: «Мен чыныгы элдик президент болом»

24 ноября 2017 12:47 768 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 24-ноябрда, инаугурация салтанатында Кыргызстандын жаӊы президенти Сооронбай Жээнбеков, элине, өлкөсүнө акыркы демине чейин ак ниет жана чынчылдык менен кызмат кылам деп убада берди. 

Жаӊы президент, ар бир атуулдун кызыкчылыгын, укугун жана эркиндигин коргогон чыныгы элдин мамлекет башчысы болом деген убадасын аткарарын билдирди.

«Ал үчүн менде жетишерлик билим, мүмкүнчүлүк, тажрыйба жана эрк бар! Биздин Улуу Манас атабыз өмүрүнүн баарын кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн арнаган.

Мен өзүмдүн элимдин жана Кыргызстандын алдындагы милдеттеримди татыктуу аткаруу үчүн болгон күчүмдү, өмүрүмдү аябайм! Мамлекеттин кызыкчылыгы – баарынан жогору»,- деди жаӊы өлкө башчы.

Эске салсак, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болгон салтанаттуу иш-чарада Кыргызстандын жаӊы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков ант берди. Андан кийин ага президенттин күбөлүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова тапшырып, төш белги такты. Кызматтан кетип жаткан Алмазбек Атамбаев жаңы президентке штандартты – Кыргызстандын желегин өткөрүп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9089



Добавить комментарий