Сауд Арабиянын «Эки ыйык шаар» поезди биринчи каттамын ишке ашырды
Сауд Арабияда жогорку ылдамдыктагы "Аль-Харамейн" поезди Джидда-Мекке боюнча өзүнүн алгачкы каттамын ишке ашырды. Бул тууралуу «Халидж таймс» гезити жазды. Королчулук үчүн транспорттун мындай жаӊы түрү ылдамдыгын саатына 300 чакырымга чейин жеткирген.
Башкы коноктор жана жүргүнчүлөр катарында саудовиялык монархтын кеӊешчиси жана Мекке провинциясынын башкаруучусу ханзаада Халед аль-Фейсал, транспорт министри Набиль аль-Амуди жана башка бир катар расмий жактар чакырылган.
Меккеге келгенде ханзаада аль-Фейсал корол Салман бен Абдель Азизге, ошондой эле, королчулуктун мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салманга жаӊы жогорку ылдамдыктагы поезддин пилоттук каттамынын ийгиликтүү өтүшүнө байланыштуу расмий куттуктоо жолдоду.
Ханзаада ошондой эле, Сауд Арабия менен ислам дүйнөсүнүн бардык жарандарын маанилүү окуяга байланыштуу куттуктады.
Ссылка: https://barometr.kg/content9082
Добавить комментарий ×