Журналисттерге чиновниктер тууралуу эмнени жазууга тыюу салынды?

23 ноября 2017 18:14 584 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын маалымат жана коммуникациялар министри Даурен Абаев, журналисттер чиновниктер тууралуу эмнени жазса болорун, бирок кандай маалыматты жарыялоого тыюу салынарын айтып берди. Бул тууралуу Nur.kz билдирди.

Демек, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, журналист ЖМКга мыйзамда сакталган жеке, үй-бүлөлүк, дарыгердик, банктык, коммерциялык же башка сырларды чыгаруудан мурун, ал жактын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугун алууга милдеттүү болот.

Ал эми маалыматтар ал жак же анын мыйзамдуу өкүлү өздөрү, жеткиликтүү болгон булактарга жайылтылган, же расмий билдирүүлөрдө көрсөтүлгөн учурларда гана, аны чыгарууга болот.

Журналисттер мисал катарында, мажилистин спикери Нурлан Нигматулиндин жүрөгүнө жасалган операция тууралуу, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жазса болобу деп суроо берип кызыгышты.

"Спикер жок, ал ооруканада деп жазуууга укугуӊар бар. Бирок так аныктама тууралуу жазганда, силер аны спикердин өзүнөн уруксат суроого милдеттүү болосуӊар. Ал эми төрага ооруканада экенин, кайсы бейтапкана жатканын, баланча дарылоо курсунан өтүп жатканын, же болбосо баланча дарыгерлер операция жасады деп жазууга уруксат берилет", — деп түшүндүрүп берди ал.

Ошондой эле, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн «А мисалы, чиновниктин баланча яхтасы бар деп жазса болобу?» деген суроо кызыктырды.

"Муну жазсаӊар болот. Силер ал яхтаны баланча банктык эсептен, номери баланча деп так эсепти көрсөтө албайсыӊар. Буга тыюу салынат. Бирок эгер силер, мисалы, 100 миӊ теӊге маяна алган чиновник, баасы миллион доллардан жогору болгон эӊ кымбат америкалык клиникада дарыланып жатат деген маалымат болсо аны жазсаӊар болот. Бирок, диагнозду жазууга тыюу салынат", — деп кошумчалады министр.

 

Муну менен бирге материалдарда макаланын каарманынын мүлкү жөнүндө жазууга тыюу салынбайт.

Эгер сиилер, баланча чиновник бассейни бар баланча үйдө жашайт, бирок 3 баласы жана баланча ысымы бар багып алган уулу менен деген маалыматты жарыяласаӊар… бул жерде үй, бассейнди жазууга эч ким тыюу салбайт. А бирок силер чиновниктин уруксаты, макулдугу жок эле «баланы багып алышкан» десеӊер болбойт, буга тыюу салынат", — деп жыйынтыктады ал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9061



Добавить комментарий