Сапар Исаков: «Тез жардам кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөйт»
Поделиться в:
Тез жардам кызматынын жумушчуларынын маянасын көбөйтүү азырынча карала элек. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков, 2018-жылга бюджетти талкуулоодо, ЖК жыйынында, билдирди. Депутат Дастан Бекешев билдиргендей, тез жардамдын кызматкерлеринин айлыгы 5-6 миӊди түзөт.
«Мындай темп менен кете берсек, биз жакында бардык жумушчулардан жоготуп алабыз. Алардын маянасын жогорулатуу маселеси чечилеби?», - деп депутат кызыкты.
Сапар Исаков, айлык акы көтөрүлбөйт деп билдирди. «Бирок бюджетте кошумча каржылоо болуп калса, анда бул маселени карап чыгабыз. Биз маселени көзөмөлгө алабыз», - деди премьер.
Ссылка: https://barometr.kg/content9040
Добавить комментарий ×