Токмок шаарындагы көчөгө ташталган ымыркай суукта 3-4 саат жаткан

23 ноября 2017 12:15 700 Barometr
Поделиться в:
ok

Токмок шаарындагы көчөлөрдүн бирине ташталган ымыркайды чиркөөнүн жанынан табышкан. Бул тууралуу Чүй областык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы басылмаларга билдирген.

Европа түспөлүндөгү жаӊы төрөлгөн кыз суукта сыртта 3-4 саат жаткан.

«Ымыркайды жергиликтүү тургундар таап алышкандан кийин, дароо милицияга кабар беришкен. Биздин кызматкерлер ошол замат окуяга болгон жерге барып, баланы Токмок шаарындагы бейтапканага алып кетишкен. Учурда ымыркайдын абалы жакшы. Аны социалдык кызматкерлерге тапшырышты»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта баланын энесин издөө иши жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9039



Добавить комментарий