Мигрант Федералдык коопсуздук кызматынын имаратына жулунуп кирип кызматкерге асылган

23 ноября 2017 11:10 732 Barometr
Поделиться в:
ok

Санкт-Петербургда эркек киши Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) аймактык башкармалыгынын имаратына кол салууга далалат кылган. Көзөмөл камерасына түшүп калган жазууну РЕН ТВ жарыялаган.

Кадрда көрүнгөндөй, Орто Азиядан чыккан жарандарга окшогон киши, имаратка жулунуп кирип, жаӊы эле сырттан кирген ФККнын кызматкерине кол салган. Ошентип мушташ чыгып кеткен. Жулунуп мушташкан жаран аталган башкармалыктын кызматкери жана полиция тарабынан кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9034



Добавить комментарий