Бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандык аял кармалды

23 ноября 2017 10:55 572 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 22-ноябрда «Кызыл-Бел-автожолу» көзөмөл өткөрүү бекетинин чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан бөлөк бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандык аялды кармашкан.

Паспорт көзөмөлүнүн жүрүшүндө, 1980-жылы туулган, Кыргызстандын Г.И. аттуу жараны чек ара нарядына башка жаранга таандык документти көрсөткөн. Кармалган аялдын айтымында, өзүнүн паспортун жоготуп алганына байланыштуу ал тууганынын паспортун колдонгон. Бул жаран Тажикстандагы туугандарына жөнөп жаткан.

Тиешелүү документтер толтурулган соӊ кармалган аял КРдын ИИМнин аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9031



Добавить комментарий