Жакында Кыргызстандын "Артезиан" булак суусу Араб өлкөлөрүнө экспорттолот
Поделиться в:
Кыргызстандын "Артезиан" булак суусу Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолмокчу. Бул тууралуу «Аю» ишканасынын вице-президенти Балбак Түлөбаев билдирди.
Ал, социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына, жакынкы араларда аталган компания булак сууну Араб өлкөлөрүнө ташып баштайт деп жазган.
«Буюрса. Өтө жакында Кыргыздын суусун Артезианды БАЭ сатып баштайбыз. Аз калды. Баардык техрегламентин өтүп бүтткү. «Аю» холдингдин Араб өлкөлөрүнө биринчи кириши. Катар мамлекети да бүттү жакында сиздерге да кетет»,-деп жазды ал.
Түлөбаев Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчиси Нуржан Ниязалиевге көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content9029
Добавить комментарий ×