Москвада каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт

23 ноября 2017 09:48 578 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-ноябрда, Россияда өлтүрүлгөн Равшанбек Стамкуловдун сөөгүн мекенине жиберилет. Жаран Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болчу, ал Воркут шаарында белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн. Бул маалыматты Млсквадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү тастыктаганын Turmush басылмасы жазды. Окуя 17-ноябрга караган түнү болгон. Маркумдун жансыз денеси жолдун жээгинен табылган.

 

Каза болгон 42 жаштагы жаран Москвадагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген. Маалыматка ылайык, Воркутка ал жашаган жерин каттоону жаӊыртуу үчүн барган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9024



Добавить комментарий