Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 25 000м³ түзгөн...

20 февраля 2017 11:34 386 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда кар көчкү түшүп, өлкөнүн туш тарабы  ар кандай кокустуктар менен коштолууда. ӨКМнин басма сөз кызматынын маалыматы караганда  кардын көлөмү калыңдап Чоң-Алай районунда адам өмүрүн алган көчкү дагы катталган. “Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 19-февраль күнү саат 05:30 чамасында Чон-Алай айыл аймагынын Жаш-Тилек айылында 2 турак жайды жана 3 сарайды кар көчкү басып калган. Кулубаев Абдысатар аттуу жарандын үй-бүлөсүндөгү 6 адамды КР ӨКМнин Өрт куткаруу бөлүмүнүн 10 куткаруучусу жергиликтүү тургундардын жардамы менен куткарышып, аймактык ооруканага жеткиришкен. Эшенкулов Шербото аттуу жарандын үйүндө 6 (алты) адам болгон алардын 4 адамы куткарылып, аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Ал эми 2 жаран каза болгон.

Каза болгондор:

1.Саат 11:00дө Шерматов Караматулло Сагыновичтин (2006-жылы туулган 4-класс) жансыз денесин табышкан.

2.Саат 11:40да Шерматова Бактыгүл Сагыновнанын (2007-жылы туулган 3-класс) жансыз денесин табышкан.

Аймактык ооруканага жаткырылган 10 жарандын 8 нин абалдары жакшы ал эми 2 жаран баштарынан жаракат алышкан.

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 300дөн ашык айыл тургундары тартылган. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 25 000м³ түзгөн. Материалдык чыгымдар такталууда. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Сарыбашов жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Р.Рысбаевдер окуя болгон жердеги жергиликтүү эл менен жолугушуп, андан соң райондук жарандык коргонуу кызматтарын чогултушуп жыйын өткөрүшкөн” –деп билдирет министрлик.

Ссылка: https://barometr.kg/content902



Добавить комментарий