Эртеӊ жарандык активисттер Ак үйдүн алдына чогулушат

22 ноября 2017 18:03 960 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук коргоочулар, жарандык активисттер президент Алмазбек Атамбаевге мөӊгүнү сактап калууга үндөгөн, колдоо иретинде петиция тапшыруу ниетинде. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Ал, эртеӊ, 23-ноябрда, Алмазбек Атамбаевдин КРдын президенти катарында акыркы иш күнү деп эскертип өттү.

"20-ноябрда өткөн маалымат жыйында мамлекет башчы мөӊгү мыйзамы тууралуу айтты. Анын айткандарынан көрүнүп тургандай, бул мыйзамга мамлекет башчы өзү кол коет. Социалдык тармактар аркылуу биз мөӊгүнү колдоо иретинде 2000 адамдын колун чогулттук. Биз президенттен акыйкатты күтөбүз", - деп чакырды Рита Карасартова.

Эскертсек, 16-ноябрда парламент үчүнчү окууда Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алган. Документ президенттин кол коюу алдында турат. Атамбаев маалымат жыйында, мыйзамды өзү менен алып жүргөнүн жана аны изилдеп-үйрөнүп жатканын билдирген. Бирок өлкө башчысы, мөӊгүлөрдө 20 жылдан ашуун убакыттан бери иш жүргүзүп келишкенин эскерткен.

Катталган 85 депутаттын ичинен 63 эл өкүлү макул деп, ал эми 22си каршымын деп добуш берген.

Парламент мындай чечими менен, Centerra Gold Inc. канадалык компанияга мөӊгү аймагында мыйзамдуу түрдө иш жүргүзүүгө уруксат берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content9008



Добавить комментарий