ЕАЭБ аймагына мыйзамсыз ташылып бараткан товар токтотулду
Поделиться в:
ЕАЭБдин бажы аймагына траснпорт каражаттары менен товарларды мыйзамсыз алып өтүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, «Түштүк» ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан, Баткен-Ош жолунда, Жапалак айылында «Мерседес - Бенц 814Д» унаа токтотулуп текшерилген. Автоунааны Кыргызстандын Б.Т.Э. аттуу жараны башкарган.
Аталган унааны текшерүүдө андан 100 орундуктагы полиэтилен каптарындагы күрүч даны аныкталган. Ар бир каптын салмагы 50 кг болгон. 550 000 сомдук, жалпы салмагы 5000 кг түзгөн товар ЕАЭб аймагына бажы көзөмөлү жок ташылып бараткан.
Материалдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content8984
Добавить комментарий ×