Кыргыз-казак чек арасында кырдаал дале кыйын
Поделиться в:
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрүү көзөмөл пунктунда 435 оор жүк ташуучу унаа чогулуп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Белгиленгендей, бул унаалардын 73үн гана өткөрүлгөн. «Чоӊ-Капка» көзөмөл пунктунда дагы жүк ташуучу унаалардын ушундай эле кезеги байкалып турат. Анда 185 унаа болсо, анын дээрлик 50сү чек арадан өткөн.
кыргыз-казак чек арасындагы жагдай 10-октябрдан бери кыйынчылык жаратып келет.
Казакстан фитосанитардык көзөмөлдү күчөткөн. Президент Алмазбек Атамбаев кошуна мамлекеттин мындай кадамын блокада деп мүөздөп, чакырымдарда кезекте турган айдоочулардын тамак-ашы үчүн дагы бир миллион сом бөлүнөт деп убада кылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8975
Добавить комментарий ×