Сапар Исаков мамкомитеттер менен күч түзүмдөрдө штатты көбөйтүүгө мораторий киргизди

22 ноября 2017 11:56 793 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик органдардагы штаттык эсепти көбөйтүү үчүн киргизилген мораторий эми мамлекеттик комитеттерге да жайылтылды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына өкмөттөн кабарлашты.

Демек, өкмөттүн «Мамлекеттик органдардагы штаттык санды жогорулатууга мораторий киргизүү тууралуу» өкмөттүн 2016-жылдын 25-июлундагы токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» тиешелүү токтомуна 2017-жылы 15-ноябрда өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2017-2019-жылдарга бекитилген мораторий эми министрликтерге эле эмес, ошондой эле, мамлекеттик комитеттерге дагы тийиштүү.

Токтомдун күчү ошондой эле, Коопсуздук кеӊешинин тиешелүү чечимдери боюнча каралган укук коргоо органдары, Куралдуу күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөргө жайылтылууда.

Жээнбеков учурунда кол коюлган токтомдун «эски» редакциясында мораторий күч түзүмдөрүнө жайылтылган эмес.

Белгилесек, мораторий эмгекке акы төлөө фондусун үнөмдөө үчүн киргизилип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8974



Добавить комментарий