Өзбекстанда Кореядагы Инха университетинин филиалын ачуу каралды
Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу чет элдик медициналык окуу жайы ачылышы мүмкүн. Бул Инха түштүк кореялык университетинин Медицина мектеби болушу ыктымал.
Бул маселе маалыматтык технология жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча министрдин милдетин аткаруучу Шерзода Шерматова менен Корея Республикасындагы Инха университетинин президенти Сунья Чой айым менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкууланган.
"Жолугушуу учурунда Медицина мектебинин жетекчилиги менен, бул мектептин филиалын Ташкентте ачуу сунушталды. Тараптарлар филиалды, ошондой эле, алардын клиникасын ачуу, телемедицина боюнча кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан маселелерди карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү сүйлөшүлдү", - деп белгилешти басма сөз борборунан.
Белгилесек, Инха университетинин Медициналык мектеби 1985-жылы негизделген. Мекеме Түштүк Кореядагы мыкты окуу жайлардын бири болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/content8968
Добавить комментарий ×