3 жаштагы баласын унаа сүзгөнүн мас абалдагы апасы байкабай да калган

22 ноября 2017 09:38 813 Barometr
Поделиться в:
ok

Балхашта 3 жаштагы бала автоунаанын дөӊгөлөгүнүн алдына кирип кетти. Анын апасы мас абалда болгондуктан, баласын унаа кандайча сүзүп кеткенин байкаган дагы эмес. Ооруканага болсо эртеси күнү келген. Бул тууралуу Казинфром билдирди.

Окуя Агыбай батыр көчөсүндө болгон. Бала жолго чуркап чыга калганда аны унаа сүзүп кеткен. Бул учурда анын апасы 5 жаштагы кызын ээрчитип келе жаткан. Ал баласына карбагандыктан унаа кантип сүзүп кеткенин билбей калган.

Натыйжада баланы баш мээси чайкалып, ички органдары жабыркаган. Бала борбордук шаардык ооруканага жаткырылган.

Бейьапкананын медперсоналы кичиниекей бейтапка эч ким келбегенине таӊ калышкан. Баланын 29 жаштагы апасы эртеси күнү келген. Андан спирт ичимдиги жыттанып турган.

Тартип сакчылары аялды наркодиспансерге алып кетишкен.

«Бул иш боюнча кылмыш иш козголду. Ал эми, болжогондой, баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбаган баланын апасы тууралуу абал ювеналдык полицияга билдирилди», - деп айтышты полициядан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8962



Добавить комментарий