Жогорку сот Текебаевди сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды
Бүгүн, 21-ноябрда, Жогорку сот Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды.
Демек, Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Текебаев мүлкүн мамлекетке чегерип берүү менен, 8 жылга эркинен ажыратуу каралган.
Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов, соттун чечимине түшүндүрмө берип жатып, сот системасы бийликтин бутагы катары өзүнүн кудуретсиздигин далилдеди деп кошумчалады.
Текебаевдин адвокаты Таалайкүл Токтакунова билдиргендей, Текебаевдин жактоочусу канат Хасанов, соттун өкүмүн мыйзамсыз жана кудуретсиздигин далилдеп берип ишти ирети менен бөлдү деди.
"Бирок судьяларга коргоо далилдери кызыктуу эмес, жана алардын бир эле милдети бар: бүгүн ишти бүтүрүп инаугурацияга чейин отчет бериш керек", - деп нааразы болду адвокат.
Белгилесек, буга чейин, 2017-жылдын 16-августунда, Биринчи май райондук соту Жогорку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Текебаевди күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн мамлекетке алуу өкүмүн чыгарган болчу.
Ушул эле жылы 2-октябрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук соттун 2017-жылдын 16-августунда Текебаевге карата чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Өкүм 2017-жылы 2-октябрда мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген.
2017-жылдын 1-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевди кезексиз депутаттык мандатынан ажыраткан.
Ушул жылы февралда Башкы прокуратура КРдын Кылмыш кодексинин «Коррупция», «Алдамчылык» беренелери боюнча "Ата Мекен" фракциясынын лидеринежана башка жактарга иш козгогон. Иштин алкагында Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов камакка алынган. Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content8953
Добавить комментарий ×