Пластмасса чыгарган завод кулап, 10 адам каза тапты

21 ноябрь 2017 17:14 900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын түндүгүндө завод кулап кетип, анын кесепетинен ондой адам каза болду, 25тей киши урандынын алдында жатышы мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме берип чет элдик басылмалар жазды.

Пенжаб штатына караштуу Лудхиана шаарындагы пластмасса өндүргөн бул беш кабаттуу завод, имаратта чыккан өрттүн артынан жарылуу болгондон кийин эле кулаган.

Жарылуунун так себеби учурда такталып жатат. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жаткан учурда жардыруу болуп, артынан эле имарат кыйраган. Имараттын ичинде жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү жүрүшкөн болчу. Кыйроонун кесепетинен алар урандынын алдында калып калышкан. Маалыматка ылайык, кеп 20-25 жаран тууралуу болуп жатат.

Куткаруучу операция дүйшөмбү күнү кечинде эле башталган, ал кезде куткаруучулар үч адамдын сөөгүн табышкан. Дагы жети кишинин денеси шейшембиге караган түнү табылган. Эки жаран урандынын алдынан тирүү алып чыгышкан, алар бейтапканага жаткырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content8951



Добавить комментарий