Инаугурацияга башка өлкөнүн мамлекет башчылары катышпайт

21 ноября 2017 16:20 583 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын жаӊы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурация салтанатына башка мамлекеттердин президенттери катышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 21- Barometr.kg сайтына президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди.

​"Биз расмий иш-чарага мамлекет башчыларын чакырган жокпуз. Мындай чечим дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен кабыл алынды", - деп билдирди аппарат жетекчиси.

Салатанттуу иш-чарага чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери катышат.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбековдун кызматка расмий түрдө киришүү боюнча иш-чара 24-ноябрда, «Ала-Арча» резиденциясында өткөрүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8949



Добавить комментарий