Милиция дайынсыз жоголгон 23 жаштагы Гулираны издеп жатат
Москва районунун Ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон, 29.06.1994-жылы туулган Маматкадыр кызы Гулираны издеп жатат. Бул тууралуу Чүй областтык ИИББсинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыз Москва районундагы Ак-Суу кыштагында, Чапаев №53 көчөсүндө жашайт.
Гулира ушул жылдын 15-ноябрында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, чачы кара, орто узундукта, көзө кара.
Анда көк түстөгү жинсы шым, кара түстөгү кышкы кроссовка, капюшону бар кара түстөгү куртка, кызыл шарф болгон.
Өзгөчө белгилери: оӊ жагында курсагында диаметри ¾ см болгон кал жана операциядан калган моюнунда тырыгы бар.
Милиция кыз тууралуу маалыматы бар жарандарды Чүй областтык Ички иштер башкы башкармалыгынын күзөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну өтүнөт:
0312 43 01 27, 0312 43 88 85, Москва районунун ИИБсинин күзөт бөлүмү: 0312 60 77 27, 0550 22 17 17, 0701 15 85 81, 0701 15 85 43.
Ссылка: https://barometr.kg/content8946
Добавить комментарий ×