Индиялык "Матильда": Болливуддун жылдызы үчүн 1,5 миллион доллар сыйлык жарыяланды

21 ноября 2017 15:14 807 Barometr
Поделиться в:
ok

Болливуддун атактуу актрисасын, анын «Падмавати» тарыхый тасмасындагы чуулуу ролунан кийин, радикалдык топтор коркутуп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылма жазды.

"Падмавати" фильми XVI кылымдагы эпос боюнча тартылган, анда Мевар княздыгындагы башкаруучу Ратан Сенанын жубайы Рани Падмини аттуу ханыша туурасында баяндалат.

Легенда боюнча, өзгөчө сулуулукка ээ сингалдык Падмаватинин жүрөгүн багындыруу үчүн Дели шаарынын султаны Алауддин Мухаммад-шах, кыздын күйөөсүнүн ээлигине бастырып кирет.

Мусулман жетекчи Ратан Сенанын күчтөрүн оӊой эле талкалап таштайт, бирок ал максатына жеткен эмес, анткени ханыша Падмавати Алауддин колуна түшпүш үчүн өзүн-өзү өрттөп жиберет.

Эпосто индуисттер менен мусулмандардын ортосундагы келишпестиктер жөнүндө сөз болот. Январда "Шри Раджпур Карни Сена" раджпуттар кастасынын мүчөлөрү кино тартуу аянтында талоон уюштурушуп, кийинчерээк болсо режиссер Санжай Лилу Бхансилиге кол салышкан.

Тасма биринчи декабрда көрүүчүлөргө тартууланышы керек болчу, бирок продюсердик компания премьераны кийинкиге калтырган.

Азыр дагы коркутуп-үркүткөн маанайдагы агымдар токтой элек.

"Бхаратия джаната партинин" бөлүмүндөгү ММК менен иштөө ишине жоопкерчиликтүү болгон Сурадж Пал Аму, Падукон менен Бхансалинин башы үчүн акчалай сыйлыкты 100 миллион рупийге чейин көбөйтүүнү, ошондой эле тасмада роль ойногон актер Ранвир Сангхтын бутун сындырууну убада кылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content8941



Добавить комментарий