Кыргызстандын жаӊы президентинин инаугурациясына Казакстандан ким чакырылды?

21 ноября 2017 12:51 1031 Barometr
Поделиться в:
ok
Кыргызстандын жаӊы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына Казакстандын Бишкектеги элчиси Айымдос Бозжигитов чакырылды.

Белгилесек, инаугурация жума күнү, 24-ноябрда болот.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) билдиришкендей, элчи Айымдос Бозжигитов салатанттуу иш-чарага чакыруу алган.

"Казакстандын Бишкектеги элчиси Айымдос Бозжигитов чакыруу алды жана 24-ноябрда өтө турган Кыргызстандын жаӊы шайланган президентинин инаугурациясына", - деп билдирди Казакстандын ТИМнин басма сөз кызматынын жетекчиси Ануар Жайнаков.

Кыргызстандын президенттик аппаратынын жетекчиси, салтанаттуу иш-чараны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Алмазбек Усенов, иш-чарага башка мамлекеттердин президенттери катышпайт деп билдирди.

"Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен, башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары чакырылбасын деп чечилди. Чет мамлекеттердин толук жана ыйгарым укуктуу элчилери гана чакырылат»,-деди ал.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда ушул жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеӊишке жетишкен, анда ал 916 миӊ 081 добуш алган, бул болжол менен 55 пайызды түзөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8932



Добавить комментарий