Беш жыл ичинде Кыргызстанда 1,6 миӊ өзгөчө кырдаал катталган

21 ноября 2017 12:28 616 Barometr
Поделиться в:
ok

2012-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстандын территориясында 1660 өзгөчө кырдаал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 480 адам каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, материалдык зыян 5 миллиард 794 миллион 805 миӊ 100 сомду түздү.

Адам өлүмү менен коштолгон катталган өзгөчө кырдаалдар: 370 – кар көчкү (41адам каза болгон); 128 – катуу шамал (4 киши каза тапкан); 103 – техногендик мүнөздөгү ири өрт (31 киши өлдү); 124 – жер көчкү (42 адам каза болду); 43 -  кар түшүү (1 киши каза тапты); 548 - сел (17 адам каза болду); 25 – таш түшүү (1 адам каза болду); 10 – имараттардын күтүүсүз урашы (21 адам каза тапты); 49 – ири жол кырсыктары (261 киши өлдү); 14 – массалык жугуштуу оорулар (3 киши каза болду); 3 - авиакырсык (45 киши каза тапты); 7 – чагылган (4 адам өлдү); 1 – жарылуу (2 чкиши каза тапты); 5 – аскердик окуялар жана социалдык келишпестиктер (2 адам өлдү), 1 – газдын исине уулануу (2 адам каза болду).

- Чүй областында 113 өзгөчө кырдаал катталган, анын кесепетинен 142 киши каза болду;

- Талас областында катталган 68 кырдаалдын кесепетинен 5 киши каза тапты;

- Нарын областында 113 өзгөчө кырдаал болуп, андан 27 киши каза болгон;

- Ысык-Көл областында катталган 154 кырдаалдын кесепетинен 64 жаран каза болгон;

- Ош областында болгон 356 кырдаалдын айынан 73 киши каза болгон;

- Баткен областында 196 өзгөчө кырдаал катталып, андан 25 киши өлдү;

- Жалал-Абад областында катталган 584 кырдаалдын кесепетинен 132 жаран каза болду.

Белгилесек, 2012-жылдан тартып 2017-жылдын октябрына дейре куткаруучулар жана өрт өчүрүүчү кызматынын кызматкерлери тарабынан 2311 адамдын өмүрү сакталып калган. Ошондой эле, 31 млрд 524 млн сом суммасындагы мүлк сакталып калган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8929



Добавить комментарий