Ташкентте психиатриалык ооруканадан үч бейтап качып кетти

21 ноября 2017 11:49 578 Barometr
Поделиться в:
ok

20-ноябрда Ташкенттеги Республикалык психиатриалык ооруканадан үч бейтап качып кетти. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, качып кеткен бейтаптар мурда бир катар кылмыштарга айыпталышкан. Бирөөсү уурулукка, экинчиси маңзат таркатып, абактан качууга жана үчүнчүсү адам денесине зыян келтирүүгө айыпталган.

Азырынча бейтаптардын ооруканадан кантип качып кеткендиги белгисиз. Медициналык мекеменин кызматкерлери бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Учурда милиция качып кеткен бейтаптарды издөө иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Ташкенттеги бардык посттор күчөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content8927



Добавить комментарий