Атамбаев Жалал-Абад областына иш сапар менен келди

21 ноября 2017 11:28 601 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-ноябрда, Жалал-Абад областына иш сапар менен келди.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчы Жалал-Абад шаарындагы дене тарбия-ден соолукту чыӊдоо комплексинин курулушу үчүн капсула салуу иш-чарасына катышат.

Андан кийин президент Жалал-Абад областык Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн курулган эки көп кабаттуу турак үйдүн ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары, президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышып чыгат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8925



Добавить комментарий