Парламент Салянованын инисинин өлүмүн иликтөө боюнча жүргүзүлгөн иштер туурасында маалыматты угат

21 ноября 2017 11:18 662 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Бүгүн, 21-ноябрда, парламентте «Ата Мекен» фракциясынын кезексиз жыйыны болот.

Фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, жыйында депутаттар укук коргоо органдарынын Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүн иликтөө боюнча жүргүзгөн иштери туурасында маалыматты угат.

Эске салсак, ушул жылы 6-ноябрда, Бишкектеги «Көк-Жар» жаӊы конушунда бет кап кийген белгисиз адамдар Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын инисин  атып кетишкен.

Иликтөөнүн маалыматына ылайык, ошол күнү саат түнкү экилерде Бишкекте Улан Саляновдун үйүнө бет капчан адамдар кирип келип атып кетишкен. Натыйжада 42 жаштагы  Улан Салянов каза тапкан. Окуя болгон жерге милиция келген.

Туугандары, үйгө бет капчан 3-4 киши кирип келип акча талап кылышкан деп айтышкан. Үйдүн кожоюну У.Салянов алар менен айтыша кетип, натыйжада аны атышкан. Бул учурда анын 17 жаштагы уулу качып кеткен, бирок кийинчерээк ал табылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8923



Добавить комментарий