Соцтармак: Атамбаевдин журналистке берген сааты катуу талкууланып жатат

21 ноября 2017 11:00 1199 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар, жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаевдин «Де факто» гезитинин башкы редактору Амантур Мусагул уулуна белекке берген кол саатын талкуулап жатышат.

Эске салсак, кечээ, 20-ноябрда, басма сөз жыйында журналист президенттен анын саатын белекке берүүсүн суранган. Мусагул уулунун айтымында, ал түшүндө мамлекет башчынын саатын тагынып жүргөнүн көргөн. Атамбаев макул болуп журналистке саатын чечип берген.

Соцтармактарда колдонуучулар бул окуяга байланыштуу ташалауу постторду жазып жатышат.

Теле алып баруучу Назира Айтбекова эмне кылуу керектигин эми гана түшүнгөнүн жазган.

«Атамбаевден сураш керек экен»,-деп ал тамашалаган.

Колдонуучулар анын тамашасын колдоп, ага Атамбаевден ишенимдүү өмүрлүк жар сура деп кеӊеш беришкен.

Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова президент күн мурунтан эле журналист анын саатын сурай турганын билген деп болжойт.

"Атамбаев, кыязы, журналисттердин түшүнө кандай сааттар кирерин билет окшойт. Камдуу экен", - деди ал.

Ал болжогондой, мамлекет башчы журналистке өзүнүн саатын берген эмес, балким, саатты белекке берүү өтүнүчү импровизация эмес, күн мурун даярдаоган номер.

Ал эми кабарчы Мусагул уул өзү, колундагы саатын көрсөтүп, чын дилинен кубанып турду. Саат жаӊы эмес эле, анын кайышынан саат бир топ убакыт колдонууда жүргөнүн билсе болот.

"Алтын жалатылган саат", - деп журналист президенттин белегин Barometr.kg сайтына көрсөтүп жатып билдирген.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8921



Добавить комментарий