Казак парламенти Атамбаевдин айткандарын «жоопкерчиликсиз» деп атады
Казакстандын парламент мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин бүгүн, “Ала-Арча” резиденциясында болгон жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айткандарын “жоопкерчиликсиз жана популисттик мүнөздө” деп атады.
Нигматулиндин айтымында, Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев, кыргыз элине жардам берип жана колдоп келет.
«Кыргызстандын эли дагы казак лидерине дайыма жылуу мамиле жасап, ыраазычылыгын билдирип келет. Ошон үчүн Атамбаевдин ушундай бош, жоопкерчиликсиз, популисттик сөздөрү эч качан эки элдин ортосундагы бир туугандык алакаларга зыянын тийгизе албайт», - деди Нигматулин.
«Ал эми Атамбаевдин өзүнө келе турган болсок, президенттик жылдарында же экономикада, же саясатта бир дагы жыйынтыкка жетише албаганы айдан ачык. Анан дагы кызматтан кетип баратып саясий, ички маданияттын жоктугун айтып коет», - деп кошумчалады ал.
Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте болгон басма сөз жыйында кызматын тапшырып жаткан мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, россиялык лидер Владимир Путинден кыргыз-казак чек ара маселесине кийлигишүүсүн өтүнгөнүн билдирди.
Казакстан менен болгон чек арадагы кырдаал тууралуу билдирип жатып, өлкө башчысы кайрадан «блокада» сөзүн айтып өттү. Муну менен бирге Атамбаев кошунага “кийинкиси үчүн жакшы сабак” өткөнүнө өкүнбөй турганын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content8904
Добавить комментарий ×