Бою 1 метр болгон эӊ кичине модель кыз мода дүйнөсүн багындырып келет
Поделиться в:
Боюнун узундугу бир метрди түзгөн 21 жаштагы модель Дрю Преста мода индустриясын багындырып келет. Ал, сулуулук менен байланышкан бардык эски түшүнүк, стереотиптерди талкалоо ниетинде. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жызды.
Дрюга бала кезинде дарыгерлер ахондроплазия деген аныктама коюшкан. Бул дарттын айынан кыздын бою өспөй токтоп калган.
Бирок мындай нерсе Дрюну модель болуу максатынан тайдырган жок.
Учурда ал Лос-Анжелесте жашайт жана моделдик ишкерлик менен алектенет. Жана адамдарга «жашоодо баарын жеӊүүгө болот» деген урааны менен күч-кубат берип келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content8898
Добавить комментарий ×