Атамбаев: Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал жөнгө салынат. Бул тууралуу Путин менен сүйлөштүк»

20 ноября 2017 12:13 920 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 20-ноябрда, жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга түшүндүрмө берип жатып, баардыгы жайында болот деп ишендирди.

Ал белгилегендей, Россиянын президенти Владимир Путин менен бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр болду. 

"Чек арада айдоочулар 3 суткадан бери турушат, биз өз кезинде, абалды жеӊилдетели деп аракет кылып жатабыз, аларга бекер тамак берилүүдө. Жана бүгүн дагы миллион сом бөлөбүз. Мен, мындай келишпестиктен Казакстан утуп чыгат деп ойлобойм. Оӊой нерсе жок. Абал оӊолот. Биз бул боюнча Путин менен сүйлөштүк. Мен ага, эгер ЕАЭБ Кыргызстандан башка дагы бирөөнө керек болсо, анда кийлигишүүлөрү керек. ЕАЭБде да буга чара көрүлөт. Ошентип кырдаал калыбына келет", - деди Атамбаев.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8879



Добавить комментарий