Атамбаев: «Жаӊы президенттин кадр саясатына кийлигишпейм»
Бүгүн, 20-ноябрда, «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан жыйынтыктоочу маалымат жыйынында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, премьер менен жаӊы шайланган президентке кеӊеш берип турарын билдирди. Бул, журналисттердин кызматтан кеткенден кийин өлкөдөгү кадрдык саясатка кийлигишүү ниети барбы деген суроосуна жооп болду.
Атамбаев кадрдык саясатка кийлигишпей турганын айтты.
"Эгер премьер менен жаӊы президентке менин байланыштарым керек болсо анда мен жардам берем. Менин жакшы байланыштарым бар. Азырынча мен президент болуп тургандыктан мени менен кызматташып жатышат. Бирок бир нече мамлекет башчылары менен жакшы алакадабыз, ортобузда ишенимдүү мамилелер бар", -деди Атамбаев.
Президент, премьер жана жаӊы мамлекет башчы өздөрү деле ишти алып кетерине ишенет.
"Анын үстүндө премьер өзү дипломат да", - деп эсептейт ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content8874
Добавить комментарий ×