Атамбаев парламент өз мөөнөтүнө дейре иштеши керек деп эсептейт
Поделиться в:
Бүгүн, 20-ноябрда, жыйынтыктоочу маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбев мөөнөттүнөн мурда парламенттик шайлоолорго каршы экенин билдирди.
Бирок ошол эле учурда мамлекет башчы, парламент үчүн беш жылдык мөөнөт бул узун деп эсептейт.
"Мен, албетте, парламентти сынга алам, ал жакта мамлекеттин өнүгүүсү үчүн каршы чыккан акылы кыска депутаттар да бар. Мисалга алсак, Зиядин Жамалдинов сыяктуу эл өкүлдөрү болбогондо, биз алты жыл аралыгында темир жолду куруп коймокпуз. Бирок мен парламентти таратууга жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө каршымын", - дейт Атамбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content8870
Добавить комментарий ×