Таалайбек Сарыбашев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Азыркы учурда чек ара кызматкерлеринин күжүрмөн аракети менен мамлекетибиз өз чек арасын ишенимдүү көзөмөлдөп келүүдө”

17 февраля 2017 17:03 497 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облустук башкармалыгында ачык эшиктер күнү өттү. Ага облус аймагындагы мектептердин окуучулары келишти. Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов да катышты. Иш чара учурунда сөз алып сүйлөгөн  Таалайбек Сарыбашев “азыркы учурда чек ара кызматкерлеринин күжүрмөн аракети менен мамлекетибиз өз чек арасын ишенимдүү көзөмөлдөп келүүдө. Бул иштердин негизинде эл аралык террорчуларга жана экстремисттерге, мыйзамсыз миграцияга, чек аралык кылмыштуулукка каршы туруп, маң зат трафигине жана контрабандага ишенимдүү бөгөт коюуда”-деп жоокерлерге шык  берди. Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын даярдыктагы отрядынын жоокерлери окуучулар менен келген конокторго бир канча аскердик тактикаларды, чек араны бузган жарандарга карата каршы туруунун жолдорун көргөзүштү. Андан сырткары өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов окуучулар менен биргеликте аскердик артиллериялык куралдар жана оор техникалар менен да таанышып чыгышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content886



Добавить комментарий