Башты трансплантациялоо боюнча операция болбойт. Нейрохирург баш тартты
Италиялык нейрохирург Серджио Канаверо (Sergio Canavero) программист Валерий Спиридонов башын алмаштыруу боюнча операция жасабайт. Бул тууралуу чет элдик басылма жазды.
Спиридоновдун айтымында, операцияга даярдык иш жүзүндө тоӊдурулган. Канаверо Кытай өкмөтүн-ӊ каржылоосун алып жатат, Кытай болсо биринчи бейтап алардын жараны болушун каалайт.
Тактасак, италиялык нейрохирург жергиликтүү клиникадан лаборатория берилди. Россиялык тарап болсо окумуштууга эч кандай каражат берген эмес.
Буга чейин кишинин башын алмаштыруу боюнча дүйнөдөгү алгачкы операция Кытайда болгон. Анда маркумга жасалган операция 18 саатка созулган. Процедура учурунда нерв, кан тамырларды, жүлүндү калыбына келтирилген. Канаверонун айтымында, тирүү адамдын башын трансплантациялоо жакын арада болот.
2015-жылы Валерий Спиридонов, Владимирдин тургуну,жүлүн атрофиясы менен жабыркаган 30 жаштагы программист башты которуу боюнча биринчи талапкер болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content8842
Добавить комментарий ×