Кыздар секс-кулдукка Украина аркылуу сатылган
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук башкармасы өзбекстандык жарандарды сексуалдык кулчулукка жиберүү менен алектенген уюмдун эки мүчөсүн камакка алды. Бул тууралуу NazarNews.kg сайты жазды.
Алардын берген маалыматында, кармалган Л.Сафаева мен Н.Усмонова өзбекстандык кыздарды Банкгокко жиберип жаткан.
Алар кыздарды«Ташкент-Киев-Бангкок» авиа каттамы аркылуу алгач Украинага жиберип, ал жакта кылмышка шектүүлөрдүн тааныштары кыздарды күтүп алган. Андан соң Таиландка жиберип жаткан учурда кармалган.
Учурда аталган окуя боюнча жогоруда аты аталган кылмышка шектүүлөр сот жообуна тартылып, аларга мындан башка да бир канча кызды сексуалдык кулчулукка сатуу тууралуу айыптоолор коюлууда.
Ошондой эле, камакка алынган аялдар буга чейин жасалма документтердин жардамында Казакстан, Россия, Украина аркылуу Түркияга Араб Эмираттарына жана Европа өлкөлөрүнө кыздарды жеткирип турганы маалым болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content8840
Добавить комментарий ×