Сильвестр Сталлонеге 16 жаштагы күйөрман кызды зордуктаган деген айып тагылууда

18 ноября 2017 09:15 1234 Barometr
Поделиться в:
ok

Голливуддук актер Сильвестр Сталлоне 1986-жылы 16 жаштагы күйөрман кызды жыныстык катнашка мажбурлаган деген айыптоону четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Буга чейин маалымат каражаттарында 16 жаштагы кыз актер тарабынан мындай нерсеге кабылганы боюнча полицияга арыз жазганы айытлган, бирок киин кыз арзыны кайра алган.

Жарыяланган матералдарга ылайык, 1986-жылы Лас-Вегаста Сталлоне күйөрман кызды үйгө чакырып, ал кыз менен актер дагы, анын жан сакчысы дагы жыныстык катнашта болушкан. Кыздын айтымында, эркектер күч колдонушкан эмес, бирок ал өзүн баш ийиши керектей сезген. Мындан тышкары, кыз кароолчу менен жыныстык катнашка баргысы келбегенин баса белгилеген.

Күйөрман кыз билдиргендей, актер ага эч кимге айтпа, болбосо башыӊды жулуп алам деп коркутуп буйрук берген.

Сталлоненин расмий өкүлү Бега бул маалыматтарды күлкү келтирерлик деп атаган. Анын айтымында, мындай фактылар эч качан эч бир жерде болгон эмес жана бул маселе боюнча полиция актерго кайрылган эмес.

Жан сакчы 2013-жылы полиция тарабынан атылган, аткени ал офицерлердин талаптарына баш ийүүдөн баш таркан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8838



Добавить комментарий