Абдыгулов: «Зилалиевдин отставкага кеткенин маалымат каражаттарынан окудум»

17 ноябрь 2017 17:22 957 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-ноябрда, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Barometr.kg сайтынын, кесиптеши Дүйшөнбек Зилалиевдин кызматтан кетиши туурасындагы суроосуна жооп берип жатып, ал бул кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарынан укканын айтты.

"Мен анын отсавкага эмне себептен кеткенин айта албайм, өзүм дагы бул тууралуу ЖМКлардан окудум", - деди вице-премьер.

Белгилесек, бүгүн президент Зиалиевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон. Анда билдирилгендей, Зилалиев кызматынан өкмөт башчы Сапар Исаковдун сунушу менен башка ишке өтүп жатканына байланыштуу кеткен.

Өзү ал кайсы ишке өтөрү боюнча маалыматы жок, бирок кандай кызматка багытташса иштөөгө даяр.

Ссылка: https://barometr.kg/content8824



Добавить комментарий