2011-жылдан 2017-жылга дейре Кыргызстанда 27,5 миӊден ашуун өрт болгон

17 ноября 2017 17:11 543 Barometr
Поделиться в:
ok

2011-жылдан 2017-жылга дейре Кыргызстанда 27 миӊ 558 өрт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда, КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпы өрттүн ичинен 64ү абдан масштабдуу болгон. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 миллиард 618 сомду түзгөн. Өрттүн кесепетинен 496 адам каза тапкан, алардын ичинен 50сү жаш балдар. 440 жаран түрдүү жаракат алышкан.

Куткаруучулар 1 миӊ 100 адамды жана 31 миллиард 524 миллион сомдук товарды сактап калууга үлгүрүшкөн. Өрттүн негизги себептери болуп отко кылдат мамиле жасабагандык, электр приборлорун колдонууда эрежелерди сактабагандык, жаш балдардын тентектиги, мешти туура эмес орнотуу эсептелген.

Ссылка: https://barometr.kg/content8823



Добавить комментарий