Зилалиевге азырынча кызмат ордун сунушташа элек

17 ноябрь 2017 16:55 564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-ноябрда, Дүйшөнбек Зилалиев, отставкага кеткенине түшүндүрмө берип жатып, кайсы кызматка өтүп жатканы туурасында маалымат берген жок.

Белгилесек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Зиалиевдин вице-премьер-министр кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон. Анда белгиленгендей, Зилалиев башка ишке өтүп жаткандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен.

Бирок, анын айтымында, аны кайсы ишке багытташарын билбейт. Бирок Зилалиев сунуштала турган кызматта иштөөгө даяр.

Өкмөттөн да Barometr.kg сайтына Зилалиевдин кайсы ишке өтүп жатканын так айта алышкан эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content8819



Добавить комментарий