Чекисттер тарабынан Оштун тургуну, жаш жихадчы кармалды

17 ноября 2017 16:33 1268 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте 14-ноябрда, чекисттер тарабынан эл аралык террордук уюмдун аскери, 1997-жылы туулган, Ош областынын Карасуу районунун тургуну, Р.у.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу КРдын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган кыргызстандык жаран, чет өлкөдө жүрүп, соцтармактар аркылуу Материалдык техникалык камсыз кылуунун эмиссарлары тарабынан уюмга тартылган. "Одноклассники" тармагынын активдүү колдонуучусу болуп жүрүп, ал өзүнүн баракчаларына жихад идеологиясын жайылтып жүрчү.

Факт боюнча УКМК «Улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаран УКМКнын убактылуу кармаоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content8817



Добавить комментарий