Samsung Electronics компаниясынын жетекчиси камакка алынды

17 февраля 2017 14:34 406 Barometr
Поделиться в:
ok

Түштүк Кореядагы эң бай бизнесмен, Samsung Electronics компаниясынын вице-президенти Ли Чжэ Ён коррупция боюнча айыпталып камакка алынды. Бул чуулгандуу коррупциялык жаңжал буга чейин өлкө президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыялоого негиз болгон. Тергөөчүлөр  Samsung компаниясы Президент Пак Кын Хенин жакын курбусу Чхве Сун Силдин көзөмөлүндөгү коммерциялык эмес фонддорго каражат которгон деп айып тагып жатышат. Ли Чжэ Ён кызмат абалынан пайдаланган деген айыптоолорду кескин четке кагып келүүдө. "Биз колубуздан келишинче алдыдагы сот иштеринде акыйкатка жетүүгө аракет кылабыз»,-деп билдирүү жасады Samsung Group. Январда Ли 22 саатка созулган сурактан кийин, кайра бошотулган. Эми анын тагдыры соттордун колунда. 

Ссылка: https://barometr.kg/content881



Добавить комментарий