ЖАМК кызматкерлеринин балдары барган бала бакча кеӊейтилди
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №1 мекемесине караштуу, Чүй областындагы Молдовановка айылындагы №19 бала бакчада жаӊы топ ачылды.
Жазаларды өтөө колониясы жана аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринин балдары барган бул бала бакча 1965-жылы курулган. Союз тарагандан бери имаратта оӊдоо иштери жасалган эмес. Жана бүгүнкү күнгө чейин 40 бала тарбияланган бир гана топ иштеп келген.
ЖАМКтын төрагасы Таалайбек Жапаров белгилегендей, бүгүн ведомстводо социалдык маселелерге көбүрөөк маани берилип баштады. Аталган кызмат жеке резервдердин эсебинен бакчанын ойноочу жана уктоочу бөлмөлөрүн ачуу иштерине каражат бөлгөн.
Балдарга керектүү жабдыктар: отургуч, стол, керебет, жууркан-төшөк, ар кандай оюнчуктарды Кыргызстанда Кызматташтык жана координациялоо боюнча түрк агенттиги алып берген.
Түрк коноктор ошондой эле, жаӊы топтун ачылышына катышып, балдарга белектерди тапшырышты.
Эми бала бакчага барган балдардын санын 70ке чейин чыгарууга шарт түзүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content8809
Добавить комментарий ×