Сот Текебаевдин адвокатын айлык алуу укугунан ажыратты

17 ноябрь 2017 13:29 1283 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сот Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын эсептерин бекитти. 

Анын айтымында, ал мындай кабарды бүгүн уккан.

" «Өндүрүштү аткаруу тууралуу» мыйзам жана жарандык-процессуалдык кодекске ылайык, маяна менен пенсияга арест салынбайт. Менин карточкамды блокировкалап салышкандыгы жөнүндө мен бүгүн эртеӊ менен билдим. 3 күн мурун мен мен эсебимден акча алганда эч кандай андай нерсе жок болчу. Көрсө, мени айлыгымдан ажыратуу укугу боюнча токтом 31-октябрда чыгыптыр", - деди Токтакунова.

Эске салсак, ушул жылдын март айында Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарын, анын ичинде Таалайгүл Токтакунованы «Манас» аэропортуна жакын жерге кулаган Боинг 747 учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар деген маалымат тараткандыгы үчүн сотко берген. Октябрда сот президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоо боюнча көзөмөл органдын доо арызын канааттандырган. Соттун чечимине ылайык, жоопко тартылгандар 10 миллион сом төлөшү керек.

Ссылка: https://barometr.kg/content8806



Добавить комментарий