Мордовияда каза болгон кыргызстандык кыздар Өзгөн районунун тургундары болушкан

17 ноября 2017 12:15 1856 Barometr
Поделиться в:
ok

Мордовия Республикасында жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын эки жараны каза тапкан. Маркумдардын өздүгү аныкталды.

Белгилесек, буга чейин маалымдалгандай, 14-ноябрда, Зубово-Полянск районуна караштуу Новые Выселки кыштагынын жанында 33 жаштагы кыргызстандык тургун «Хенде Солярис» унаасын башкарып келатып жолдон учуп чыгып, жээктеги столбага барып сүзүлгөн. Жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу өзү башынан жаракат алган жана ооруканага жатуудан баш тарткан. Аны менен бирге келаткан 18 жана 23 жаштагы кыздар, дарыгерлер келгенге чейин ошол жерден мерт кеткен.

Соцтармакта жарыяланган маалыматтарга ылайык, маркумдар Ош областына караштуу Өзгөн районунун тургундары болгон, экөө бир тууган болчу: Мария жана Мадина Акировалар, 1994 жана 1999-жылы туулган.

Учурда Россиядагы кыргызстандыктар каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн каражат чогултуп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8799



Добавить комментарий