Ысык-Көлдөн адам өлтүрүүгө шектелген Казакстандын 3 жараны кармалды
КРдын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине, Ысык-Көл областынын Чок-Тал айылынын жогорку өрөөнүндө жайгашкан мал сарайда Казакстандын жараны жашынып жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Белгилесек, бул жаран Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 99—Адам өлтүрүү беренеси боюнча эл аралык издөөдө жүрөт.
Маалыматка ылайык, мал сарай 38 жаштагы аталган кыштмактын тургун Т.Алмазбекке таандык болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө, 36 жаштагы казакстандык С.Жоробек аттуу жаран кармалган. Андан Макаров тапанчасынан 7 патрон табылган.
Ошондой эле, кылмышкер менен биргеликте, Казакстандын дагы эки жараны: 29 жаштагы У.Давлет менен 25 жаштагы Е.Нуртаз колго түшүрүлгөн. Алардан 12 ок жана 45 грамм салмактагы марихуана табылган.
Ал эми сарайдын ээсинен 12 жана 16 мм октор алынган.
Кармалган казакстандык 3 жаран аталган областык ИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча чогултулган материалдар, юридикалык баалоо берүү үчүн райондук милициянын иликтөө кызматына тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content8791
Добавить комментарий ×