Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: «Инвестициянын талабы катары кадрларды даярдоо маселесин чечиш керек»

17 февраля 2017 11:37 388 Barometr
Поделиться в:
ok

   «СДПК» фракциясынын жыйынында  мамлектетик сатып алуулар жана сатуу боюнча маселелер боюнча маселеде  сөз алып сүйлөгөн Осмонбек Артыкбаев «Сатып алуулар боюнча  көп жетишкендиктерге жетиштик десек болот. Бирок ошол эле убакта өтө көп кемчиликтер бар. Аларды жою боюнча атайын мыйзамдар иштеп жатыптыр. Биз аны колдойбуз. Бүгүн бул жерге биринчи вице-премьер келиши керек болчу. Себеби биз саясатын айтып жатабыз да. Ал келип толук айтып берсе жакшы болмок. Мен ошол саясатына көңүл бурайын деп жатам. Биринчиден жергиликтүү  кызмат көрсөтүүдө сапатсыздык жөнүндө кеп болуп жатат. Баасына карап сапатсыздык болуп жатат. Жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн  сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы сүт эт жана башка сатканга, курулуш кылганга.  Бирок алардын сапаттуу кызмат кылганга сапаты жок. Ушул багыт боюнча  кемчиликтерди эске алып туруп  жалаң эле пороктор  менен иш алып бара бербей, мейли алар деле иш жүргүзө берсин.  Кызматкерлерди окутуп үйрөтүп, стандартына келтирип койсок  жакшы болот эле. Биз азыр бажы биримдигине киребиз деп аракет кылып жатпайлыбы.  Жалаң эле  Бишкектин ишкерлери менен иштей бербей жергиликтүү  ишкерлер менен иштеш керек деп айтып жатат. Ушул боюнча мамлекет атайын программа түзүп, потенциалдарды таап сүт, эт  курулуш жана башка  багыттар боюнча окутуп үйрөтүп  тартипке маселени коёт элем. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе ата-мекендик өндүрүүчүлөр боюнча.  Ички мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп чыгып,  чыгарылып жаткан азык түлүктөргө жол ачып берип  мүмкүнчүлүк түзүш керек. Өкмөт атайын ушундай программа түзүп, тендерлер болгондо кандайдыр аракеттер менен сапатка туура келтирип сатып алууларга мүмкүнчүлүк болуш керек. Бизге азыр  чоң инвестициялар келип жатат. Мамлекеттин кепилдиги менен эмес, өзүнүн жолу менен келип жатат.  Ушул жерде сүйлөшүү жүргүзгөндө мамлекет менен өкмөт ошол ишканалар  инвестициянын талабы катары  кадрларды даярдоо маселесин  чечиш керек. Аларды даярдоо маселесин сүйлөшүүлөргө киргизсе.  Көбүнчө кызмат көрсөткөндө биздин ата-мекендик  өндүрүшчүлөрдөн сатып алуу маселесин  кою маселесин караш керек”-деди. Эл өкүлүнүн  бул суроосуна каржы министри  Адылбек Касымалиев “Мындай кемчиликтер бар.  Сиз туура маселе коюп жатасыз. Келген инвесторлордун талабы менен  тендер өткөрүлүп жатат. Биз алар менен тыгыз иштешип жатабыз. Аларга биздин мыйзамдар менен иштөөнү талап кылып жатабыз. Кадрларды окутуп жатабыз.  Былтыр 3755 адамды окутуп чыктык. Быйыл дагы окутуу планыбызда бар”-деп жооп берди министр.  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content879



Добавить комментарий