12 жаштагы өспүрүм кызды зордуктап, сабаган жаран кармалды

16 ноября 2017 18:41 2520 Barometr
Поделиться в:
ok

Шымкентте Борбор Азия республикаларынын биринин тургуну, 30 жаштагы эркек киши 18 жылга соттолду. Ал жашы жете элек кызды катаал формада зордуктагандыгы үчүн айыпталды. Бул тууралуу NUR.KZ билдирди.

Сот бекиткендей, жаш жигит мас абалында, кошунасы болгон 12 жаштагы өспүрүм кызды өзүнүн үйүнө алдап киргизип алган. Андан кийин ал эшикти жаап, кызды сылап-сыйпалай баштаган. Бул учурда өспүрүм ага катуу туруштук көрсөткөн. Ошондо жигит кызыл кандуулукка алдырып физикалык күч колдонгон. Кызды сабагандан кийин ал аны зордуктаган.

Ишин бүткөндөн кийин кылмышкер уктап калган, кыз болсо шо абалында болсо дагы үйдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кылмышкер ошол эле күнү колго түшүрүлгөн.

Кыз психологиясы катуу жабыркагандыктан ал сотко чейинки жана сот учурундагы иликтөөгө катышкан эмес.

Айыпталуучунун күнөөсүн окуя болгон жерден, тактасак үйдүн ичинен табылган бир катар далилдер көрсөтүп берген. Кылмышкер өзү соттун өкүмүнөн кийин дагы эч кандай зордуктаган эмесмин, эчтеке эсимде жок деп ырастоону уланткан. Белгилесек, соттун өкүмү мыйзам чегинде күчүнө кирди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8775



Добавить комментарий