Атамбаев Астана берчү каражаттан баш тартуу жөнүндө мыйзамга кол койду
Президент Алмазбек Атамбаев Астана берчү каражаттан баш тартуу жөнүндө мыйзамга бүгүн кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 9-ноябрда кабыл алган. Бул тууралуу Астанага маалымдоо милдети Тышкы иштер министрлигине жүктөлдү. Бул боюнча Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.
Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон эле.
Кыргыз тарап бул каражатка чек арадагы өткөрмө бекеттерди оңдоп, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууну көздөгөн. Бирок кайтарымсыз жардам кечиккени үчүн өкмөт лабораторияларды бюджеттеги каражатка бүткөргөнүн маалымдаган.
Казакстан да аталган макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдай баштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8762
Добавить комментарий ×